Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл алуу тууралуу билдирет.  

 

1. Проблемалар жана негиздер   

Ченемдик укуктук актылардын ченемдерин өркүндөтүү төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган: 

- таасир этүү чаралары боюнча ченемдик укуктук актыларга тактоочу өзгөртүүлөрдү киргизүү;  

- банктарды жоюу боюнча талаптарды жакшыртуу.  

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- ченемдик укуктук базанын сапатын жогорулатуу; 

- Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын тактоо; 

- Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу боюнча процесстерди оптималдаштыруу.  

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт.  

 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарга, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кредиттик бюролорго тиешелүү.  

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъектилери чыгым тартпайт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги : 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

nzhaparkulova@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу  

720001, Кыргыз Республикасы,  

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын  

2-декабрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 3-декабрынан 

кечиктирбестен