Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө, ошондой эле долбоорду каржылоо маселеси боюнча кызыкдар болгон жактардан сунуштарын топтоо жөнүндө маалымдайт.  

Долбоор менен коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар сунушталат.  

1. Проблемалар жана негиздер  

Ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган: 

- ченемдик укуктук актыларда долбоордук каржылоонун аныктамасынын жоктугу; 

- банктардын кредиттик ишин жөнгө салуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын колдонуудагы талаптарында долбоордук каржылоону ишке ашыруу каралган эмес. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты инвестициялык долбоорлор үчүн кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- банктарга ири долбоорлор сыяктуу эле жаңы башталган долбоорлорду да (стартаптарды) каржылоо, ошондой эле долбоордук каржылоонун субъектилеринин ишине катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү;  

- долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти азайтуу. 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт, анткени ал кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү  

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга тиешелүү.  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо.  

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери чыгым тартпайт.  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги : 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

nipasova@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын 2-декабрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 12-декабрынан кечиктирбестен