Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө билдирет. 

 

1. Проблемалар жана негиздер. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында, Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын өзүнчө же бүткүл аймагында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды атайын жөнгө салуу режиминин алкагында апробациялоонун натыйжалары боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталышы мүмкүн. 

Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2020-жылдын 26-октябрындагы 2020-ЗСД-КОМ-КПС-15/1 токтомуна ылайык, микрокредиттик компания тарабынан банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн (кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн «Элкарт» чектелген функционалдык кредиттик карталарын чыгаруу жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын эквайринги, Улуттук өз ара аракеттенүү оператору аркылуу колдоого алынган ыкмалар менен эквайринг, POS-терминалдар /QR коддор аркылуу эл аралык төлөм системаларынын карталарынын эквайринги) атайын регулятивдик режиминин алкагында тестирлөө жактырылган, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-4/2 токтомуна ылайык ийгиликтүү деп табылган. 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык, эгерде тестирлөө ийгиликтүү деп табылса, Төлөм системасы боюнча комитет Улуттук банктын тестирлөөдөн өткөн кызмат көрсөтүүлөргө/технологияларга тоскоолдук кылууну жокко чыгарган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө сунуш киргизет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кызматтарды көрсөтүү лицензиянын мөөнөтүн узартуунун негизинде мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин улантылышы мүмкүн. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөттөрү узартылган учурда Комитет тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин шарттарында кызмат көрсөтүүлөрдү улантуу үчүн кошумча шарттар белгилениши мүмкүн. 

 

2. Сунушталган жөнгө салуунун максаты микрокредиттик компанияларга микрокредиттерди накталай эмес формада берүү мүмкүнчүлүгүн берүү, бул жыйынтыгында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн көбөйүшүнө, финансылык сабаттуулуктун жогорулашына ж. б. алып келет. 

 

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү

- калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу; 

- калкка банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү

- региондорду өнүктүрүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу жагымсыз кесепеттерге алып келбейт. 

 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү

Сунушталган жөнгө салуу микрокредиттик компаниялардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун ишине тиешелүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Сунуш кылынган жөнгө салуунун субъекттери өз бюджеттеринин чегинде чыгымдарды тартышат. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр

 

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

   

- электрондук почта аркылуу 

ammaratova@nbkr.kg 

- почта дарегине 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2022-жылдын 19-декабрынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 27-декабрынан кечиктирбестен