Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

эсептик ченди 13,0 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 30-январында эсептик ченди (негизги ченди) 13,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 31-январында күчүнө кирет.  

Негизги чен өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы бар тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты Кыргыз Республикасынын экономикасында инфляцияны шарттаган факторлорду чектөөгө багытталган. 

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 14,7 пайызды түзгөн. 2023-жылдын 20-январына карата баалардын өсүшү 1,2 пайызды түздү. Жалпы алганда, инфляция динамикасы орто мөөнөткө болжолдонгон көрсөткүчтүн алкагында түптөлүүдө, бул эсептик ченди өзгөртүүнүн зарылдыгы жоктугун шарттайт. Энергия продукциялары жана азык-түлүк дүйнөлүк рынокторунда кырдаалдын турукташуусу 2023-жылдын экинчи жарымында инфляциянын басаңдашына таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. Ошондой эле, бир катар администрациялык баалардын (тарифтердин) наркын жогорулатуу тууралуу айтылган алдын ала кулактандыруулар инфляцияны шарттаган ички тобокелдиктердин кошумча булагы болушу мүмкүн. 

Кыргыз Республикасында пандемиядан кийинки экономиканын калыбына келиши экономикалык жигердүүлүктү жогорку деңгээлде сактап калууга мүмкүндүк берди. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматка ылайык, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 7,0 пайызды түзгөн. Бул көбүнчө кызмат көрсөтүү, өнөр жай, айыл чарба секторундагы өндүрүш көлөмүнүн өсүшүнө жана ички суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу. Экономиканы кредиттөөнү кеңейтүү дагы ички суроо-талапка колдоо көрсөтүүдө: 2022-жылдын жыйынтыгында алдын ала маалыматтар боюнча банк кредит портфели 12 пайызга жакын көрсөткүчкө өскөн.  

Акча жана валюта рыногундагы жагдай Улуттук банк тарабынан өз убагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында салыштырмалуу туруктуу сакталууда. Монетардык саясат боюнча кабыл алынган тактикалык чечимдер банк секторунда үстөк ликвиддүүлүк олуттуу өскөн шартта кабыл алынат.  

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги мурдагыдай эле динамикасында жогорку белгисиздик үстөмдүк кылган тышкы экономикалык факторлорго көз каранды. Мындай жагдайларда инфляцияны шарттаган тобокелдиктер сакталат. Акча-кредит саясаты жаатында мурда кабыл алынган чаралардан топтолгон тажрыйба инфляциянын потенциалдуу тобокелдиктерин жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Акча-кредит саясатынын андан аркы багыты жогоруда көрсөтүлгөн факторлордун жана тобокелдиктердин өлкөнүн экономикалык процесстерине тийгизген таасирлерин эске алуу менен түптөлөт. 

Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт жана кошумча инструменттерди колдонот. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2023-жылдын 27-февралында өтөт.