Улуттук банктын маалыматтык билдирүүсү 

 

"Кыргыз Республикасынын төлөм системалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системаларынын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жөнгө салууну ишке ашырат. 

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана накталай АКШ долларынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары агылып чыгышынын терс таасирин азайтуу максатында 2022-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан акча которуу системасы аркылуу которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.  

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу ишке ашырылган акча которуулар алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом улуттук валютасында гана берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан алуучунун макулдугу менен акча которууну алуу боюнча банктык которуу жолу менен конвертацияланышы мүмкүн.   

Акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, 2022-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр кабыл алынган.  

Өзгөртүүлөргө ылайык, которуу/төлөм валютасынан башка валютага эсеп ачпастан акча которуу системасы аркылуу алынган акча которууну конвертациялоо (алмаштыруу операциясы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана «Кыргыз Республикасында чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык республикадагы банктар тарабынан чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстарынын маалымат тактада көрсөтүлгөн курс боюнча гана (нак акча алмаштыруу боюнча) жүзөгө ашырылат.  

Бул эрежелер банк эсебин ачпастан, атайын акча которуу системаларын колдонуу аркылуу акча которуп жаткан тараптар үчүн гана колдонулат. 

Чет өлкө валютасында ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон учурда, жеке же юридикалык жактардын банктык эсептерине которууларды жүргүзүү сунушталат, бул улуттук валютага конвертациялоого жана эсептен минималдуу комиссиялык төлөмдөр менен которууларды накталай берүүгө мүмкүндүк берет. 

Коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, АКШ долларын накталай алуу үчүн комиссия накталай чет өлкө валютасынын суммасынан 0,5 пайыздан 3 пайызга чейин түзөт. Ошол эле учурда банк мыйзамдары коммерциялык банктар тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды жана тарифтерди өз алдынча белгилөө, керектөөчүлөр үчүн маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну карайт. 

Белгилей кетсек, нак эмес чет өлкө валюталар менен операциялар жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча коммерциялык банктар тарабынан каалаган көлөмдө жана эч кандай чектөөсүз жүргүзүлөт. 

Улуттук банк өз кезегинде финансы-кредиттик уюмдар менен чет өлкө валютасын накталай берүү боюнча учурдагы комиссияларды кароо, калкка банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелери боюнча үзгүлтүксүз иш алып барат. 

Банктардын ишмердүүлүгү боюнча суроолор боюнча жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86, Улуттук банктын WhatsApp каналына 0501 89 00 00, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча 0312 61 45 78 телефону аркылуу кайрылса болот.