Ислам каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган банк карталарынын түрлөрүн жана өзгөчөлүктөрүн жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 14-июнунда № 2023-П-12/38-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу жана www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүктөрүндө жайгаштырылган.