Маалыматтык билдирүү 

2023-жылдын 10-августунда kaktus.media интернет-сайтында жарыяланган 2023-жылдын үлгүсүндөгү банкноттор бузулгандыгы тууралуу видео боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) төмөнкүлөрдү билдирет. 

Бузулган банкнотторду текшерүү үчүн Улуттук банктын өкүлдөрү бул видеону тарткан жаран менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында банкноттор кайра-кайра бырыштыруу учурунда зыянга учурагандыгы белгилүү болду. 

2023-жылдын 11-августунда Улуттук банк коммерциялык банктар менен жолугушуу уюштуруп, анын жүрүшүндө коммерциялык банктардын өкүлдөрү 2023-жылдын үлгүсүндөгү банкноттор менен иштөөдө эч кандай мүчүлүштүктөр байкалбагандыгын белгилешти. 

Ошентсе да объективдүү баа берүү жана ар тараптуу талдоо жүргүзүү максатында видеодо көрсөтүлгөн бузулган банкноттор Улуттук банк тарабынан эскирген деп алмаштырылып, деталдуу экспертизага алынды. Мындан тышкары, Улуттук банктын талабы боюнча банкнотторду чыгаруучу компаниялар улуттук валютанын банкноттору үчүн белгиленген талап кылынган сапатка жана спецификацияга шайкештигин аныктоо үчүн кайталап текшерүүлөрдү өткөрүү боюнча иштерди баштады. 

Улуттук банк улуттук валютанын банкнотторунун сапаты эл аралык стандарттарга ылайык даярдалганын, ага ылайык банкнотторду жана анын коргоо элементтерин ар кандай физикалык жана химиялык таасирлерге туруштук беришин текшерүүгө болорун белгилейт. Чыгарылган банкноттордун сапаты банкнотторду даярдоонун ар бир этабында текшерилет. 

Бирок, атайын таасир этүү аркылуу, анын ичинде банкнотко же анын бир коргоо элементине зыян келтирүүгө аракет жасаганда, банкноттор бузулуп калышы мүмкүн. 

Улуттук банк ошондой эле, улуттук валютадагы банкноттордун коопсуздугу жогорку деңгээлде экендигин билдирет. Банкноттордо колдонулган коргоо элементтери үч деңгээлдеги коргоого ээ жана алар ар кандай даражадагы текшерүүдөн өтүүгө арналган: 

коомдук коргоо белгилери текшерүү үчүн атайын жабдууну жана көндүмдөрдү талап кылбаган коргоо элементтери; 

текшерүү үчүн атайын кароого алуучу аспаптарды талап кылган коргоо элементтери. 

Улуттук банк эскирген жана/же жарактан чыккан улуттук валютанын банкнотторун каалаган коммерциялык банктан же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан эркин жана акысыз алмаштыруу мүмкүндүгүн эскертет.