Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы, 2023-жылдын 29-сентябрында улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында, Алай районунун Гүлчө айылында коммерциялык банктын өкүлдөрүнүн катышуусу менен райондун жергиликтүү калкы үчүн «Финансылык сабаттуулук жана Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар» темасында маалыматтык семинарын өткөрдү.  

Семинардын жүрүшүндө өлкөнүн башкы банкынын ролу, функциялары, QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, банк жана төлөм системаларын келечекте өнүктүрүү тенденциялары тууралуу маалымат берилди.  

Улуттук банк жана коммерциялык банктар тарабынан QR-код колдонуу аркылуу төлөм жүргүзүү ыкмалары тууралуу маалыматтык баракчалар таратылып берилди.