Бишкек шаарында 28-29-сентябрда мамлекеттик органдардын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуулары үчүн «Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо» деген темада тренинг өткөрүлдү. Бул тренинг Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешине мамлекеттик сектордо ак ниеттүүлүктү чыңдоо жана бекемдөө, коррупцияга каршы туруу боюнча техникалык жардамынын алкагында өткөрүлдү

Тренингге мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуулар жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери катышты. 

Тренингге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан Улуттук банктагы коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт) А.А.Кешикбаев катышты. 

Катышуучулар коррупциянын алдын алуу боюнча стратегияларды жана иш-чаралардын пландарын, анын ичинде ведомстволук стратегияларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгуу ыкмалары жана көндүмдөрү менен таанышты. 

Катышуучулар үчүн эң кызыктуу темалар коррупцияны өлчөө маселелери, эл аралык индекстер, эл аралык мамилелер, көрсөткүчтөрдүн түрлөрү жана өлчөө ыкмалары болду. Катышуучулар мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы пландарын иштеп чыгуу механизмдерин, иштеп чыгууга жана мазмунуна карата талаптарды, ошондой эле улуттук стратегия менен стратегиялык иш-аракеттер планынын байланышын талдап чыгышты. 

Тренингде коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, аларды азайтуу жана коррупциялык факторлорду четтетүү ыкмалары боюнча, мамлекеттик органдын планын, ошондой эле улуттук планды иштеп чыгуу, мониторинг жүргүзүү жана ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо боюнча реалдуу материалдарга талдоо жүргүзүлдү