2023-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эл аралык санкцияларды сактоо маселелери боюнча коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен кезектеги жумушчу жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк электрондук компоненттер, өткөргүчтөр /жарым өткөргүчтөр, электрондук интегралдык схемалар сыяктуу ж.б. аскердик максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн болгон Улуу Британиянын санкциялык товарларынын жаңы тизмеси жөнүндө коммерциялык банктарга маалымат берди. Ушуга байланыштуу Улуттук банк эл аралык санкциялык тизмелерде бар товарлар жана жактар менен операцияларды жүргүзүүгө жол бербөө боюнча ички контролду жана чараларды күчөтүүнү чакырды. 

Улуттук банк учурдагы экономикалык жана геосаясий кырдаалды эске алуу менен эл аралык санкцияларды бекем сактоо зарылдыгын коммерциялык банктарга эскертти. 

Ошондой эле, жолугушууда кардарларды тейлөөгө байланыштуу коммерциялык банктардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.