Маалыматтык билдирүү 

 

Азыркы учурда телеграмм-каналдар иштеп жатат, анда ар кандай аталыштарга жашынган жеке адамдар жана башка жактар курстар менен көлөмүн көрсөтүп, нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялап жатышат. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттер, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз (күбөлүгү жок) чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп эсептелет, алар «Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин 299-беренесинин талаптарына ылайык жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч (17 500 сом) өлчөмүндө, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч (55 000 сом) өлчөмүндө айып салууга алып келет. Лицензиясыз ишти системалуу түрдө жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралган. 

Мындан тышкары, телеграм-каналдарынын катышуучуларында кылмыштын элементтери болушу мүмкүн, ушуга байланыштуу жабдылбаган пункттарда жеке жактар менен алмашуу операцияларын жүргүзүү өтө кооптуу болушу мүмкүн, анын ичинде мындай жагдайлар жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратышы, ошондой эле тоноо жана/же алдап кетүү сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.  

Мындан тышкары, жогоруда айтылган жактардан накталай чет өлкө валютасын алмаштырган жарандар алданып калышы толук ыктымал, анын үстүнө ортодо кандайдыр бир талаш маселе жаралган учурда аны далилдөө мүмкүн эмес. 

Валюталарды социалдык тармактар аркылуу алмаштырууда алдап кетүү, жасалма банкнотторду берип коюу фактылары көбөйүп кеткендигин да кошумча белгилеп кетүү керек, ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды Улуттук банктан лицензия алган жабдылган атайын уюмдарда гана алмашуу операцияларын жүргүзүүгө чакырат. 

Ушуга байланыштуу Улуттук банк алмашуу операцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болбогон, жабдылбаган (адистештирилбеген) мекемелерде жүргүзүүгө жол берилбей тургандыгын эскертет. Эгерде жеке адамдар жана/же юридикалык жактар тарабынан чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү, анын ичинде телеграм-каналдары аркылуу алмашуу операцияларын жүргүзүү фактылары аныкталса, анда алар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бербөө максатында, Улуттук банк тарабынан валюта рыногунун катышуучуларынын ишине инспектордук текшерүүлөр үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп турат. 

2023-жылдын  башынан тартып (2023-жылдын 30-сентябрына карата) Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валюталарын алмаштырууну жүзөгө ашырган жактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 84 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы сумма 1 470 миң сомду түзөт) айып пул салынды.