Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К.Боконтаев Марракеш шаарында (Марокко) өтүп жаткан Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жылдык жолугушуусуна катышып жатат. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, ЭВФтин жана Дүйнөлүк банктын швейцариялык тобунун алкагында дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү, глобалдык финансылык туруктуулук, климаттык күн тартиби жана ЭВФ менен Дүйнөлүк банктын мүчө мамлекеттери тарабынан кабыл алынган экономикалык саясий иш чаралар боюнча талкуулар өткөрүлүүдө

Жылдык жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы менен ЭВФтин жетекчилигинин жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ортосунда Кыргыз Республикасындагы экономикалык абал жана акча-кредит саясатынын чаралары, ошондой эле ЭВФтин техникалык жардамынын алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланган эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү

Ошондой эле, эл аралык төлөм системаларынын жана чет өлкөлүк коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен биргелешкен кызматташуунун ар кандай маселелери боюнча эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү