Улуттук банктын финансылык сабаттуулук программасынын алкагында Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2023-жылдын 12-13-октябрь күндөрү  Каракол шаарында финансылык сабаттуулук боюнча Бизнес ассоциациясынын ишкердикти колдоо борборунун (JIA) кызматкерлери, Каракол шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мугалимдери жана И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенттери катышкан тренинг болуп өттү.  

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу маалыматтар берилди