Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укуктук жөнгө салууну талкуулоо башталгандыгы жана кызыкдар болгон жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө маалымдайт. 

 

             1. Проблемалар жана негиздер 

Калкка жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле инновациялык банктык, төлөм кызматтарын жана жаңы продукттарды киргизүүдө убакыт менен чыгымдарды кыскартуу максатында, Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында өзүнчө же Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында белгилүү бир мөөнөткө пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 28-августуна чейин банктык төлөм карталарынын эквайринги жана төлөм уюмдарынын биринин электрондук акчаларды чыгаруу/ордун жабуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тестирлөө жүргүзүлгөн. 

Көрсөтүлгөн операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө ийгиликтүү деп таанылгандыгына байланыштуу, ошондой эле өлкөдө төлөм инфраструктурасын андан ары жакшыртуу, айкын убакыт ыргагында бирдиктүү идентификатор боюнча банктык эсептерден акча каражаттарын которуу жолу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү максатында жалпы төлөм системасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү үчүн «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты 

Сунушталган жөнгө салуунун максаты болуп, башка төлөм уюмдарынын оң тажрыйбасын колдонуу жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу атайын жөнгө салуу режиминин жыйынтыгы боюнча тоскоолдуктарды четтетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү саналат. 

 

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүп жаткан артыкчылыктары жана пайдасы: 

- электрондук акчаны чыгаруу укугуна ээ субъекттерди кеңейтүү

- жаңы катышуучулардын рыноктун айрым сегменттерине кирүүсүнө жол берүү аркылуу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты кеңейтүү

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу; 

- накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү

- төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүү

- төлөмдөрдү жүргүзүү жана акча каражаттарын которуу ылдамдыгын жогорулатуу; 

- ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү 

Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен терс кесепеттердин жаралышы күтүлбөйт, себеби тобокелдиктерге жөнгө салуу режиминин алкагында алдын ала баа берилген. 

 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине тиешелүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо 

Банктар электрондук акчалардын эмитенттери электрондук акчаларды чыгарууга укугу бар субъекттердин чөйрөсүнүн көбөйүшүнө байланыштуу рыноктун жана кирешелердин бир бөлүгүн жоготушу мүмкүн. Кардарлар үчүн атаандаштык менен күрөшүү кардарларга жагымдуу шарттары менен сунуштарды жаратат. Калкка төлөм жүргүзүүнүн жана акча которуунун заманбап жана ыңгайлуу ыкмаларын берүү үчүн автоматташтырылган банктык/төлөм системаларын толук иштеп чыгуу менен байланышкан потенциалдуу адресаттардын башка маселелер боюнча кошумча чыгымдары менен пайдалары пайда болушу мүмкүн.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Сунуш кылынган жөнгө салууну киргизүү республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. 

 

Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет: 

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси: 

- «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн көйгөйлөр туура болуп саналабы же Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын деңгээлинде жөнгө салуу жетиштүүбү

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы («Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү); 

- «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы мүмкүн; 

- көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча жалпы пикир; 

- жогоруда баяндалган проблемалардын алкагында Кыргыз Республикасынын дагы кайсы мыйзам актыларын кайра карап чыгуу зарыл жана комплекстүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн. 

Суроолордун тизмеси кеңейтилиши мүмкүн. 

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

   

- электрондук почта аркылуу 

azmambetalieva@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2023-жылдын 2-ноябрынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2023-жылдын 13-ноябрынан кечиктирбестен