2023-жылдын 16-октябрында Пекин шаарында, Кытай Эл Республикасында, “Бир алкак бир жол” демилгесинин алкагында эл аралык кызматташуу боюнча саммит алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) жана China Construction Bank Corporation (мындан ары CCB) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы болуп өттү.  

Меморандумда Улуттук банк менен ССВ ортосунда банк чөйрөсүндө өз ара кызматташуу каралган, бул Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын финансы рынокторунун өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизет. 

Меморандумга кол коюу иш-чарасында Улуттук банктын төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев жана China Construction Bank Corporation банкынын вице-президенти Джихон мырза катышты.  

Маалымат үчүн: China Construction Bank Corporation банкы Кытай Эл Республикасынын төрт ири мамлекеттик коммерциялык банктарынын бири болуп саналат жана дүйнөлүк ири финансылык институттар арасында активдер өлчөмү боюнча 2-орунду ээлейт. Аталган банктын активдери 4,7 триллион АКШ долларынан жогоруну түзөт.