Дүйнөлүк каражат топтоо 2023 иш-чарасынын алдында жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы  сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, Улуттук банк ар кандай жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция окуп, нумизматикалык музейге экскурсия уюштурду. 

Иш-чаранын катышуучулары финансылык сабаттуулук боюнча лекция угушту, анда Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, каражатты сарамжалдуу колдонуу, топтоо маданияты, финансылык коопсуздук жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Улуттук банктын ресурстары тууралуу маалымат берилди.  

Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн нумизматикалык музейге экскурсия уюштурулуп, анда Кыргызстандын аймагында табылган белгилүү жана уникалдуу монеталардын типтери коюлган экспонаттар көрсөтүлдү. Катышуучулар кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн коллекциялык монеталары менен таанышып чыгышты.