Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата жана Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» масштабдуу маалымат-билим берүү иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 24-25 октябрь күндөрү Ош областынын Ноокат районунун Ноокат шаарында жана Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү жарандарга «Финансылык сабаттуулук жана Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар» темасында көчмө семинар уюштурулуп өткөрүлдү

Семинардын жүрүшүндө улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, финансылык сабаттуулук, акча каражатын сарамжалдуу колдонуу, топтоо маданияты жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Улуттук банктын ресурстары тууралуу маалымат берилди.