Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү – 2023» жумалыгын белгилөөнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы 2023-жылдын 24-25-октябрь күндөрү Каракол шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн финансылык сабаттуулук, улуттук валюта – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы боюнча лекция окуду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар боюнча көргөзмө уюштурулду.