2023-жылдын 27-октябрында Кыргызстандагы «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» масштабдуу маалымат-билим берүү иш-чарасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин студенттерине ачык эшик күнү өткөрүлүп, лекциялар окулду. 

Лекциянын жүрүшүндө окуучуларга нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлүп, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, финансылык пландаштыруу жана үй-бүлөлүк бюджет тууралуу маалымат берилди.