Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 25-октябрында № 2023-П-12/67-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды. 

Токтомго ылайык COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу күчүнө кириши убактылуу токтотулган Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорунун аракети калыбына келтирилет: 

- 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

Токтомдо ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомдорунда мурда белгиленген Улуттук банктын төмөнкү айрым ченемдерин жана талаптарын коммерциялык банктар тарабынан аткаруунун жаңы мөөнөттөрү каралган: 

- банктар тарабынан Улуттук банкка тобокелдик жагдайлары, ликвиддүүлүктү жабуу коэффициентин, чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүк, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк жана дароо ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүн эсептөө боюнча маалыматтарды берүү

- банктар тарабынан ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин сактоо. 

Мындан тышкары, токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Тиешелүү ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.