Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана регулятивдик банктык отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын корреспонденттик мамилелерин жакшыртууга жана өлкөдө террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтууга багытталган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД) чөйрөсүндө ведомстволор аралык иш-аракеттер планын аткаруу максатында иштелип чыккан.  

Мындан тышкары, токтом долбоорунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында киргизилүүчү өзгөртүүлөр, ошондой эле техникалык мүнөздөгү, анын ичинде жаңы регулятивдик банктык отчеттуулукту ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр камтылат. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредиттик уюмдар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 27-ноябрынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.