Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды күчөтүү, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген мезгилде активдерди классификациялоо боюнча Улуттук банктын учурдагы талаптарын жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.  

Мындан тышкары, аталган токтом долбоору коммерциялык банктардын карыз алуучунун каза болушуна, форс-мажордук жагдайлардан (табигый кырсыктар жана өрттөнүү) улам мүлкүн толук жоготушуна байланыштуу жеке адамдын эсептен чыгарылган кредиттерин системадан тышкары эсепке алуу талаптарын жеңилдетүү боюнча сунуштарын кароонун жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары, «Кепилдик фонд» ААК жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын (Word форматында) 2023-жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.