Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-13/1 токтому менен атайын жөнгө салуу режиминин алкагында «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун төмөнкү банктык операцияларды тесттен өткөрүү үчүн лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 1-майын чейин узартылды

- нак эмес кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чектелген функционал менен кредиттик карталарды чыгаруу; 

- Элкарт улуттук төлөм системасынын карталарынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарынын «М Булак» МКК» ЖЧКнын POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду колдонуу жана төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, локалдык электрондук акчаларды кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу.