Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 30-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 31-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын экономикасы ачык болгондуктан, бүтүндөй дүйнөлүк экономика сыяктуу сырткы чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр да, региондогу өзгөрүүлөр да өлкөдөгү баа динамикасына өз таасирин тийгизип жатат. Дүйнөлүк экономиканын экономикалык өсүшү бир калыпта болбой, калыбына келүү процесси жай жүрүп жатат. Дүйнөлүк инфляциянын динамикасы жогорку мааниде сакталып тургандыгына байланыштуу алдыңкы өлкөлөрдүн борбордук банктары акча-кредит саясатын катуулатуу багытына бет алууда. Аны менен катар, дүйнөдө болуп жаткан геосаясий кырдаал тышкы шарттардын бир калыпта сакталбагандыгынын, анын жыйынтыгы катары дүйнөлүк инфляциянын андан аркы траекториясынын белгисиз болушунун олуттуу факторунан болууда.  

Кыргыз Республикасында экономикалык иш көбүнэсе кызмат көрсөтүүнү керектөө активдүү болуп жаткандыктан кеңейип жатат. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында ИДӨнүн реалдуу өсүшү 4,2 пайызды (“Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 5,9 пайыз) түздү. Туруктуу ички суроо-талап бюджет-салык саясатынын чаралары жана банк секторунда керектөө кредиттеринин өсүшү менен колдоого алынып турган.  

Кыргыз Республикасында жылдык инфляциянын көрсөткүчү басаңдаганы байкалган: 2023-жылдын октябрь айында (20сына карата) инфляция жылдык мааниде 9,2 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда, жыл башынан тартып өлкөдө баалардын жалпы деңгээли 6,7 пайызга өстү. Инфляциянын азык-түлүк компоненти баалардын өсүшү басаңдаганын көрсөтүүдө. Бирок кызмат көрсөтүүгө жана азык-түлүк эмес товарларга баалар, инфляциянын буга чейин түптөлгөн жана түптөлүп жаткан факторлорун (анын ичинде администрацияланган баалар менен тарифтерди) чагылдыруу менен мурдагы деңгээлде сакталып турат. 

Акча-кредит саясатынын жүргүзүлүп жаткан курсу коммерциялык банктардын ресурстук базасын кеңейтүү үчүн шарттар менен камсыз кылууда, бул экономиканын реалдуу секторун кредиттөөгө колдоо көрсөтөт. Инфляциянын монетардык факторлорунун күчөп кетишин чектеген, Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу чаралар банктар аралык акча рыногунда жана ички валюта рыногунда жагдайды салыштырмалуу туруктуу сактап турат. 

Дүйнөдө белгисиздик жогору болуп, глобалдык экономиканын калыбына келиши бир калыпта болбогондуктан, дүйнөлүк баалардын өсүшү узак убакытка созулушу мүмкүн. Аны менен катар, тариф саясатын индексациялоо түрүндө ички факторлор инфляциялык күтүүлөрдү туруктуу кармап турат. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечими учурда бар инфляциялык тобокелдиктерге аларды токтотуп туруучу таасирин тийгизүүдө, бул орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны 57 пайызга чейин максаттуу көрсөткүчтөргө кайтып келишине өбөлгө түзөт.  

Улуттук банк сырткы чөйрө сыяктуу эле ички ата мекендик экономикада да түптөлүп жаткан жагдайга дайыма көз салып турат. Кандайдыр бир кошумча тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка зарыл корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландалган отуруму 2023-жылдын 27-ноябрында өтөт.