Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2023-жылдын 26-27-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнү 2023 иш-чарасынын алкагында, областтык башкармалыктын имаратында Талас мамлекеттик университетинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция окуп, аны менен бирге нумизматикалык көргөзмө өткөрүштү.  

Лекцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, улуттук валюта  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди.