Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет (The World Savings Day) 

 

2023-жылдын 31-октябрында дүйнөдөгү 69 өлкөдө Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет.  

Кампаниянын тарыхы Италиядагы Милан шаарында каражат топтоо банктарынын биринчи эл аралык конгрессинде 1924-жылдын 31-октябрын Дүйнөлүк каражат топтоо күнү катары жарыялоодон башталган. 

 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү (The World Savings Day) Кыргызстанда «Кыялдар канат байлаганда» урааны менен калктын финансылык сабаттуулугун жана каражат топтоо маданиятын жогорулатуу максатында жыл сайын өтүүчү ири масштабдуу маалыматтык-билим берүү кампаниясы. Өлкөбүздө 2015-жылдан тартып бул маалыматтык-билим берүү кампаниясын өткөрүү калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча салттуу иш-чаралардын бири болуп калды. 

Каражат топтоо адам өз акчасын канчалык туура пайдаланып жаткандыгын көрсөтөт. Каражат топтоо, адатта, финансылык чыгымдарга байланышкан убактылуу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн финансылык коопсуздукту камсыз кылууда өзгөчө маанилүү.  

Мындан тышкары, каражат топтоо финансылык максаттарга жетүүдө, жеке бизнес ачууда же акчаны пассивдүү киреше алуу үчүн инвестициялоодо маанилүү ролду ойнойт. 

Бул жылы Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган иш-чаралар 24-31-октябрга чейин республиканын бардык регионунда өткөрүлдү

Иш-чараларга мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, билим берүү мекемелери, өкмөттүк эмес уюмдар ж. б. катышты.