2023-жылдын 30-31-октябрь күнү «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү–2023» (The World Savings Day) масштабдуу маалымат-билим берүү иш-чарасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин окуучуларына, Ош мамлекеттик университетине караштуу STEM инновациялык колледжинин студенттерине жана «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунун окуучуларына экскурсия уюштурулуп, лекциялар окулду. 

Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлүп, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана алардын коргоо белгилери жөнүндө лекция окулду, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү тууралуу маалыматтар берилди.