2023-жылдын 19-октябрында жана 2-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Каракол шаарында жайгашкан соода-тейлөө ишканаларында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн банктык жана/же башка жабдуулардын (анын ичинде QR-коддун) болушуна мониторинг жүргүздү

Мониторингдин жүрүшүндө товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн банктык жана/же башка жабдуулар (анын ичинде QR-коду) жок соода-тейлөө ишканаларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү