2023-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ж. Жакыпов менен Венгриянын эки тараптуу мамилелер боюнча Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Тамаш Менцер баштаган Венгрия өкмөтүнүн делегациясы ортосунда жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушууда банк тармагында эки тараптуу кызматташуу жана Кыргызстандын финансы рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды. 

Мындан тышкары, жолугушууда тараптар дүйнөлүк экономикадагы кырдаал тууралуу пикир алмашышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан учурда өлкөдөгү макроэкономикалык жагдай жөнүндө, атап айтканда, Кыргыз Республикасында акча-кредит саясаты, банк иши, төлөм системалары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берилди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдиришти.