Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизүүнүн 30 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2023-жылдын 14-ноябрында Ош областынын Өзгөн районунун Өзгөн шаарында коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү жарандарга «Финансылык сабаттуулук жана Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар» темасында көчмө семинар уюштуруп өткөрдү

Семинардын жүрүшүндө улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, финансылык сабаттуулук, акча каражатын сарамжалдуу колдонуу, топтоо маданияты жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Улуттук банктын ресурстары тууралуу маалымат берилди.