Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К.Бөкөнтаев 2023-жылдын 15-ноябрында Алматы шаарында өткөн Казакстан Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган Казакстан финансисттеринин XI конгрессине катышты. 

Конгресстин жүрүшүндө борбордук банктардын жана финансылык жөнгө салуу органдарынын өкүлдөрү макроэкономикалык туруктуулук, акча-кредит саясаты, ошондой эле санариптик трансформация шарттарында финансы секторунун туруктуулугу маселелерин талкуулашты. Борбордук (улуттук) банктардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Бөкөнтаев «Азыркы шарттарда акча-кредит саясаты» деген темада доклад жасады. 

Мындан тышкары, Конгресстин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы К.К. Бөкөнтаев менен Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Талех Казимов, ошондой эле Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Ольга Полякова ортосунда эки тараптуу жолугушуулардын чегинде тараптар эки тараптуу кызматташуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.