2023-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү. Семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген 20222026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. 

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жеке/үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу көндүмдөрү менен таанышышты, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча негизги компетенцияларды мамлекеттик билим берүү стандарттарына интеграциялоо маселелерин талкуулашты.