Эл аралык валюта фонду Кыргыз Республикасына  

иш сапары менен келди 

 

Кыргыз Республикасында 2023-жылдын 9-ноябрынан тартып 22-ноябрь күндөрү Николоз Гигинеишвили мырза башында турган Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы болуп өттү

ЭВФ миссиясы ЭВФ Макулдашуусунун IV статьясына ылайык жылдык консультациялардын алкагында өттү. Миссиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду. 

2023-жылдын 22-ноябрында Улуттук банктын төрагасы К.К. Боконтаев ЭВФ командасы менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү макроэкономикалык абал, анын ичинде, инфляция динамикасы жана тышкы сектор, ошондой эле тиешелүү саясат чаралары боюнча маселелерди талкуулашты.