Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 27-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 28-ноябрынан тартып күчүнө кирет. 

Улуттук банктын акча-кредит саясатынын чаралары инфляцияны төмөндөтүүгө өбөлгө түзгөн. Жылдык инфляциянын көрсөткүчтөрү бир калыпта жай төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө 2023-жылдын ноябрь айында ал 8,0 пайызды түзгөн, бул 2023-жылдын башына карата белгиленген көрсөткүчтөн 6,7 пайыздык пунктка төмөн дегенди билдирет.  

Инфляциянын түзүмүндө туруктуу басаңдоо азык-түлүк товарларында катталган, аларга болгон баалардын өсүшү айрым товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тарабынан убактылуу көрүлгөн чараларды эске алганда, жылдык мааниде 2023-жылдын башына карата 15,8 пайыздан 2023-жылдын ноябрь айында 3,9 пайызга чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда, азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар, тариф саясаты боюнча жүргүзүлгөн чаралардын таасирин жана байкалган ички жогорку суроо-талапты чагылдыруу менен мурдагы маанилерде сакталган. 

Кыргыз Республикасынын экономикасы өсүү динамикасын көрсөтүүдө: ИДӨнүн реалдуу өсүшү 2023-жылдын январь-октябрь айларында 4,5 пайызды, “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 6,5 пайызды түзгөн. Негизги салым кызмат көрсөтүү сектору менен иштеп чыгуу өнөр жайындагы жогорку активдүүлүктүн эсебинен камсыздалган. Ички керектөөнүн өсүшү керектөө кредиттерин берүүнүн кеңейиши жана реалдуу эмгек акынын өсүшү менен шартталган. 

Өтүп жаткан жылдын башынан тартып монетардык сектордо байкалган тенденциялар сакталган. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери негизги чендин динамикасы менен жалпы багытка ээ болуп, Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин чегинде сакталышын уланткан. Банк системасы сом сыяктуу эле чет өлкө валютасында да жетиштүү ликвиддүүлүккө ээ. Валюта рыногундагы кырдаал туруктуу сакталып турат.  

Дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалардын төмөндөшү боюнча түптөлгөн баа конъюнктурасы керектөө куржунундагы айрым ички товарлардын бааларына оң таасирин тийгизип жатат. Ошол эле учурда, геосаясий тобокелдиктерге байланыштуу тышкы чөйрөдө сакталып турган жогорку белгисиздик менен туруксуз абал дагы деле Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн инфляцияны шарттаган факторлор бойдон калууда. 

Акча-кредит саясатынын көрүлүп жаткан чаралары өлкөдөгү инфляциялык процесстерге тышкы жана ички факторлордун тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирлерин төмөндөтүүгө өбөлгө түзүүдө. Өлкөнүн экономикасында сакталган факторлорду, анын ичинде инфляциялык күтүүлөрдү жана базалык инфляциянын туруктуу динамикасын эске алып, эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде калтыруу жөнүндө кабыл алынган чечим орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны 5-7 пайыз чегинде максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүгө түрткү берет.  

Улуттук банк сырткы чөйрө сыяктуу эле, ички ата мекендик экономикада да түптөлүп жаткан жагдайга дайыма көз салып турат. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.