«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына маалымат системаларынын аудити маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору, банктын маалымат системалары жана маалымат коопсуздугу боюнча операциялык тобокелдикти азайтуу максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 29-декабрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.».