«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы, улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, 2023-жылдын 27-28-ноябрь күндөрү Ош областынын Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин, Кашка-Суу айылындагы Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинин жана Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы Абдыманап Мамыров атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө семинарларды өткөрдү.  

Көчмө семинардын жүрүшүндө окуучуларга улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-кодду колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүү, ошондой эле финансылык пландаштыруу жана үй-бүлөлүк бюджет тууралуу лекциялар окулду.».