2023-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каражат топтоо жана жеке финансыны башкаруу маданиятына тарбиялоо максатын көздөгөн өнөктөш уюмдардын жолугушуусу болуп өттү, анда Кыргызстандын 2023-жылдагы «Глобалдуу акча жумалыгы» (Global Money Week) жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» (World Savings Day) эл аралык маалыматтык-билим берүү кампанияларына катышуусунун жыйынтыгы чыгарылды.  

Аталган кампаниялардын алкагында 2023-жылы 700гө жакын финансылык сабаттуулук боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлгөн: ачык эшик күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, балдар жана жаштар үчүн финансы мекемелерине экскурсиялар жана сынактар. Кампанияга 30дан ашык уюм, 40 миңге жакын адам түздөн-түз иш-чарага катышса, 4 миллиондон ашык адам кыйыр түрдө катышкан. Айрым иш-чаралар юбилейлик дата Улуттук валюта - сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган.  

Маалымат үчүн: «Глобалдуу акча жумалыгы» жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» кампаниялары Улуттук банктын координациясы алдында 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары менен биргеликте өткөрүлүп келет.