2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Улуттук банк тарабынан жарыяланган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында 16-20 жаш курагындагы жаштар арасында эң мыкты видеоролик/репортаж боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөндөгүлөр табылган:
1-орун: Тиленов Жыргалбек Авазбекович;
2-орун: Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттер тобу;
3-орун: Абдижалилов Жоодарбек Учкунбекович.