«Азия оюндары» коллекциялык монетасы «Монеталар топ жылдызы» 

эл аралык сынагында «Сувенирдик монета» номинациясы боюнча 

үчүнчү байгелүү орунду ээледи 

 

Кытайдын Ханчжоу шаарындагы XIX Азия оюндарына арналган «Спорт» сериясындагы «Азия оюндары» коллекциялык күмүш монетасы дүйнөнүн 18 өлкөсү катышкан 23 катышуучулардын арасынан «Монеталар топ жылдызы» эл аралык сынагында «Сувенирдик монета» номинациясы боюнча үчүнчү байгелүү орунду ээледи.  

Бул коллекциялык монета 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан спорт жаатындагы маанилүү окуяларды жана жетишкендиктерди даңазалоо, жаштар арасында олимпиада оюндарын пропагандалоо, ошондой эле дене тарбия менен спорттун түрлөрүн кеңири жайылтуу максатында чыгарылган.  

«Монеталар топ жылдызы» - бул Россиянын «Уотер Марк» басма үйү тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өткөрүлгөн жалгыз эл аралык эстелик монеталар сынагы. Сынак аукцион үйлөрүнүн, музейлердин, нумизматикалык коомдордун жана аталган тармакта адистештирилген басылмалардын адистеринен турган атайын калыстар тобу тарабынан төмөнкү критерийлер боюнча бааланган: монетанын дизайны жана анын көркөм чагылдырылышы, монетанын темасын дизайн жана технология аркылуу ачуу, сюжеттин иштелгендиги, аткаруунун сапаты жана монетанын маркетингдик потенциалы.