Улуттук валютанын 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторунун 5- сериясы «Жылдын банкноту» аймактык маанилүү сынакта «2023-жылдын банкнотторунун эң мыкты жаңы сериясы» номинациясынын лауреаты болду. 

Үстүбүздөгү жылдын 10-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2023-жылдын үлгүсүндө 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылып, улуттук валютанын банкнотторунун жаңы, 5-сериясы ачылды. 

Банкноттордун жаңы сериясы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган жана улуттук валютанын эволюциясын чагылдырат: жөнөкөй купондордон баштап, жасалма акча жасоодон коргоонун эң жогорку деңгээлине чейинки банкнотторго чейин. 

Жылдын мыкты аймактык банкнотуна сынак 2023-жылдын 4-6-декабрында Шри-Ланканын Коломбо шаарында «High Security Printing Asia» жогорку деңгээлде корголгон басып чыгаруу боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык конференциянын алкагында өттү

High Security Printing банкнотторду жана башка жогорку деңгээлде корголгон продукцияларды өндүрүү, басып чыгаруу, коргоо элементтерине арналган жыл сайын өтүүчү аймактык ири конференция. 

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын октябрында БАЭнин Дубай шаарында банкнотторду басып чыгаруу жана монеталарды чегүү боюнча өткөн «Mint & Print Conference» эл аралык конференциясында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 5-сериядагы жаңы банкноттордун чыгарылышы «Улуттук банктын банкнотторду чыгаруу боюнча инновациялык жана ар тараптуу ыкмасын таануу» категориясында атайын сыйлык менен сыйланды.  

Жаңы банкнотторду даярдоо жана жүгүртүүгө чыгаруу боюнча уникалдуу долбоорду уюштургандыгы, ошондой эле накталай акча жүгүртүү тармагында индустрияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын сыйлык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына банкноттордун жаңы сериясын даярдоо жана жүгүртүүгө чыгаруу боюнча көз карандысыз эл аралык эксперттик кеңеш тарабынан ыйгарылды.