Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында жана «Сом Кыргызстандын жүзү» темасында иш-чаралар планына ылайык, 2023-жылдын 14-декабрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында Жалал-Абад шаарынын «Нур-Билим» гимназия-мектебинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция өткөрүлдү

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге өлкөнүн башкы банкынын ролу жана функциялары, улуттук валютабыз кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери , Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары боюнча маалыматтарды беришти.  

Ошондой эле, үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акчаларды туура топтоо жана инвестицияга жумшоо боюнча маалыматтар берилди. 

Лекцияга келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду.