Улуттук банк банктардын жана алмашуу бюролорунун ишине көзөмөлдүк жүргүзүүнү улантууда 

 

Улуттук банк туруктуу негизде коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин көзөмөлдөп турат. 

2023-жылдын 11 айы ичинде коммерциялык банктарда 7 комплекстүү жана 165 максаттуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так аткаруу зарылдыгы жөнүндө 26 эскертүү жана 202 жазма буйрук жөнөтүлгөн. 

Ошондой эле Улуттук банктан тиешелүү лицензия алуусуз ишкердикти жүргүзгөн 144 алмашуу бюросунун жана 108 чет өлкө валютасын алмаштыруу ишин жүзөгө ашырган жактардын ишине текшерүү жүргүзүлгөн. 

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн тышкы көзөмөлдүн алкагында, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы үчүн 396 жазма буйрук жөнөтүлүп, 71 алмашуу бюросунун лицензиясын колдонуу токтотулуп, үч алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. 

Мындан тышкары, 29 алмашуу бюросуна карата 55,0 миң сом (жалпы суммасы 1 595,0 миң сом) жана 100 жеке адамга карата 17,5 миң сом (жалпы суммасы 1 750,0 миң сом) өлчөмүндө айып пул салынган. 

Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, тиешелүү таасир этүү чараларын колдонот.