Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2023-жылдын 14-декабрында улуттук валютанын жүргүзүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында, ЖалалАбад шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин кызматкерлери үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясында «Финансылык сабаттуулук жана Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар» темасында көчмө лекция өткөрдү.  

Лекцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, банк жана төлөм системаларын келечекте өнүктүрүү тенденциялары тууралуу маалымат берилди.  

Көчмө лекциянын жыйынтыгында Улуттук банктын кызматкерлери катышуучуларга QR-код колдонуу аркылуу төлөм жүргүзүү ыкмалары тууралуу маалыматтык баракчаларды таратып беришти