Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 

Улуттук банкта болушту 

 

2023-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жыл ичинде аткарган иши менен таанышуу үчүн Улуттук банкта болушту. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, фракцияларынын жана депутаттык топторунун лидерлери, комитеттердин төрагалары катышышты. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына Улуттук банктын негизги функциялары жана милдеттери, Улуттук банктын 2023-жыл ичинде аткарган ишинин алдын ала жыйынтыктары, акча-кредит саясатын ишке ашыруу, финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, өлкөнүн төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтар берилди. 

Улуттук банктын Төрагасы Кубанычбек Боконтаев өз сөзүндө: «Инфляциянын деңгээли 2022-жылдын акырындагы 14,7 пайыздан 7,1 пайызга чейин (2023-жылдын 8-декабрына карата) төмөндөп, эл аралык резервдер 3,1 млрд АКШ долларына чейин көбөйүү менен банк жана төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштеши камсыздалууда, ошондой эле улуттук валютанын курсунун туруктуулугу сакталууда», - деп билдирди. 

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Улуттук банктын ишинин оң натыйжаларын белгилеп, калк үчүн кредиттердин жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ишти улантуу, ислам каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтүүчү финансы-кредит уюмдарынын ишин өркүндөтүү, ошондой эле QR-код менен мобилдик тиркемелерди колдонуу аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешти. 

Мындан тышкары, экономиканын учурдагы абалы, валюта рыногундагы кырдаал, өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын өнүгүү тенденциялары жана келечеги талкууланды.