Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

маалыматтык билдирүүсү  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 22-декабрынан тартып «Тарыхый окуялар» сериясынын «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» жана «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясынын «Бешикке салуу» коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» коллекциялык монетасы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгынын урматына арналып чыгарылган. Конституция азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеп, мамлекеттин эң жогорку баалуулуктары - адам, анын өмүрү, укуктары жана эркиндиги деп жарыяланган. 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары түстүү ыкмада берилген Кыргыз Республикасынын Конституциясы чагылдырылган. Монетанын сол жагында: «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл / Конституции Кыргызской Республики 30 лет» деген жазуу жайгаштырылган, ошондой эле монетанын номиналы жана сомдун графикалык белгиси (5 С) түшүрүлгөн. 

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети катары ачылган китептин сүрөтү чагылдырылган. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын оң жана сол жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жана «Национальный банк Кыргызской Республики» деген сөздөр жазылган. Монетанын төмөнкү сол жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн. 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл»  

коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү  

Номиналы 

5 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Мельхиор 

Диаметри (мм) 

33,00 

Салмагы (г) 

15,50 

Сапаты 

«Proof-like» 

Нускасы (даана) 

500 

Сатуу баасы 

2 550 с 

 

«Бешикке салуу» коллекциялык монетасы Кыргызстандын тарыхын, маданиятын таанытуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук салттарын жандандыруу максатында чыгарылган.  

«Бешикке салуу» кыргыздардын бала төрөлгөндө жасалуучу улуттук үрп-адаттарынын бири. Салтка ылайык, жаңы төрөлгөн бала менен энени колдоочу ыйык эне болуп саналган Умай энеден балага узун өмүр, ден соолук тилеп, ымыркайды көп жашаган, дөөлөттүү байбиче бешикке салат. 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары бала кармап отурган эне жана алтын жалатуу технологиясын колдонуу менен аткарылган бешиктин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында «Бешикке салуу» деген жазуу жана монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (28,28 g) берилген.  

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети катары боз үйдүн ичинде бала кармап отурган эне жана кыргыздын оюусу түшүрүлгөн коргоочу касиетке ээ тумар чагылдырылган. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын жээгин айланта «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген сөздөр жазылган. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн.  

 

 

«Бешикке салуу» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү 

Аталышы  

«Бешикке салуу» 

Номиналы 

10 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925 

Диаметри (мм) 

38,61 

Салмагы (г) 

28,28 

Сапаты  

«Proof» 

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

6 030 с 

 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага жайгаштырылып, өзүнчө кутучага салынган. Күмүш монетага сапат сертификаты тиркелген. 

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.  

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында жумуш күндөрү саат 9.00дан 14.00 чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.