Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 21-январынан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.