Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү ишине тартылган өнөктөш уюмдар менен Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында пландуу жолугушуу болду. 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаардык мэриясынын, областтык китепкананын, жогорку окуу жайларынын, Жалал-Абад шаардык билим берүү борборунун, шаардык маданият үйүнүн, жарандык коомчулукту колдоо борборунун, Жалал-Абад областтык жаштар иштери жана дене тарбия спорт башкармалыгынын, областтык балдар чыгармачылыгы үйүнүн өкүлдөрү катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы талкууланып, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирилди. Ошондой эле, калктын финансылык сабаттуулугун 2024-жылы жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы каралды.