Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ISO 27001:2013 эл аралык стандартын колдонууга киргизди жана ишке ашырды.  

Эл аралык сертификация тажрыйбасына ылайык, Улуттук банктын маалымат коопсуздугун башкаруу системасы (МКБС) сертификациялык аудиттен өттү жана аудиттин жыйынтыгы боюнча дүйнө жүзү боюнча маалымат коопсуздугу багытында таанылган стандарт болуп саналган ISO/IEC 27001:2013 эл аралык стандартка шайкеш N.Certificato: KG/1240IS/1291 сертификатын алды. Бул стандарт маалымат коопсуздугун башкаруу системасын түзүү, тейлөө жана өнүктүрүү талаптарын аныктайт.  

Сертификациялык аудит ACCREDIA Италиянын аккредитациялык органы тарабынан аккредитацияланган International Technical Alliance ITA S.r.l. эл аралык сертификациялык уюму тарабынан жүргүзүлдү.  

ISO 27001 эл аралык стандартын ишке ашыруу жана колдонуу банк секторунда маалымат коопсуздугун өнүктүрүүгө жана өлкөнүн коопсуз банк жана финансы системасын түзүүгө түрткү берет.  

Расмий сертификациялоо Улуттук банк техникалык жана уюштуруу чараларынын бүтүндөй комплексинин эсебинен камсыз кылган коопсуздук процесстерин жогорку деңгээлде уюштурууну тастыктайт.  

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген ISO/IEC 27001 шайкештик сертификаты маалыматты, технологияларды жана билимдерди башкаруу процесстерин иштеп чыгууга, жумушчу абалда кармоого жана өркүндөтүүгө, маалыматтын сакталышын, купуялуулугун, бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга карата Улуттук банктын системалуу мамилесинин маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.