Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиялоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга чыгарат.
Бул долбоор микрофинансылык компанияга уруксат берүүчү документтерди берүүдөгү карама-каршылыктарды четтетүү, ошондой эле микрофинансылык компаниялардын жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» Ачык акционердик коому адистештирилген финансы-кредиттик уюмунун кызмат адамдарынын иш стажына карата талаптарды кайра карап чыгуу максатында иштелип чыккан.
Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары / Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, Кредиттик союздардын каржы компаниясы» Ачык акционердик коому адистештирилген финансы-кредиттик уюмужана башка кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 29-январына чейин zmukashova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.