Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тармагындагы мыйзамдар талаптарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 27-декабрында № 2023-П-12/82-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом ошондой эле атайын эсептердин түрлөрүн тактоо жана коммерциялык банктардын капиталдарынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенттерин эсептөө маселелери боюнча техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү камтыйт. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.